03.09.2019 16:55

КСДПнын расмий сайтына белгисиз хакерлер DDoS-чабуул жасашты

  Алмазбек Атамбаевдин иши (32 материалов)
КСДПнын расмий сайтына белгисиз хакерлер DDoS-чабуул жасашты

Кыргызстан социал-демократтар партиясынын sdpk.kg расмий сайтына белгисиз хакерлер DDoS-чабуул жасашты. 

КСДПдан April.kg порталына сайтка кирүүдө көйгөйлөр 23-августтан баштап жаралганын билдиришти. Бул партиянын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаеванын суракка алынышы менен байланыштуу болушу мүмкүн деген божомол бар. Ал күнү тергөөчүлөр Жолдубаеванын уюлдук телефонун алып коюшкан, ал жакта номерлерден сырткары, сайтты башкаруу боюнча маалыматтар да сакталган. 

КСДП мүчөлөрү ошол эле күнү сайтты жасап чыккан адиске көйгөй тууралуу айтышкан. Бирок ал муну хостингде орун калбай калуусу менен байланыштырган. Кийинчерээк сайттын сервери дагы жеткиликсиз болуп калган. Сыр сөз туура эмес чыгып, веб-ресурстан бардык маалыматтар өчүрүлгөнү аныкталган. .

Партиядагылар муну хакердик чабуул деп эсептешет. Жана 23-августка чейин болуп өтүшү мүмкүн экенин четке кагышпайт. Мындан тышкары, белгисиз жактар тарабынан 18-августта КСДПнын расмий почтасын бузуп кирүү аракети көрүлгөнүн билдиришет.